Өкмөткө Кумтөр боюнча "туура эмес" чечим кабыл албоону эскертишти

  21.05.13   16:03
 282

Бүгүн, 21-майда парламенттин адам укуктары, конституциялык мыйзам жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар 2012-жылдагы өкмөттүн отчетун карап чыгышты. Белгилей кетсек, өкмөттүн отчету 23-майга чейин палатада талкууланат, ага дейре ал баардык профилдик комитеттердин бүтүмдөрүн алууга тийиш.

Жыйынга чакырылган биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев докладды окуп берген жок, анткени депутаттар аны менен мурда таанышып чыгышкан. Ал дароо суроо-жоопко өтүүнү сунуш кылды.

Профилдик комитеттин мүчөлөрү Кумтөр маселесине, негизинен келишимди денонсациялоого кызыгышты.

ЖКнын профилдик комитетинин башчысы Эркин Алымбеков "Эгерде бул маселени туура эмес чече турган болсоңор катуу өкүнүп каласыңар. Кумтөр маселеси министрлер кабинетин таратууга чейин жеткириши ыктымал",- деп эскертти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224305

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.