Бишкекте Борбор Азиялык мода жумалыгы өтөт

  21.05.13   16:02
 291

Бишкекте 4-июндан 9-июнга чейин Борбор Азиялык мода жумалыгы өтөт. Бул тууралуу "ВБ"га бул иш чаранын демилгечиси жана модель агенттиктин жетекчиси Асан Бердибаев кабарлады.

Ал модель бизнесинде 13 жылдан бери иштеп келет, ошондуктан бизде да мода индустриясын өнүктүрүү учуру келди деген пикирде.

"Бул иш чаранын өткөрүлүшү биздеги жаңы таланттарды ачуу, өлкөнүн имиджин көтөрүү жана жеңил өнөр жайды өнүктүрүүгө багытталган", - деп Бердибаев түшүндүрө кетти.

Анын айтымында Бишкекке Тажикстан, Өзбекстан, Россия, Казакстандан модельерлер келишет. Жаңы коллекцияларды көргөзүү конкурстук негизде өткөрүлөт. Кыргыз дизайнерлердин эмгеги өзүнчө бааланат.

Сынактан жеңип чыккандарды Париж жана Миланда өтө турган мода жумалыгына жолдомо күтөт. Коллекциялар "дебют" жана "профи" категорияларына бөлүнөт.

"Учурда Кыргызстандын жети дизайнери Японияда өтө турган Asia Fashion Week ке катышуу үчүн сапар тартканы жатышат. Алар келери менен Борбор Азиялык мода жумалыгына катышат", - деди Бердибаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224306

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.