Москва районунда адам өлтүрүү фактысы боюнча 2 адам кармалды

  21.05.13   16:16
 282

Москва районунда адам өлтүрүү фактысы боюнча 2 адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-майда эртең мененки саат 8:00 чамасында Москва райондук ИИБга Ак-Суу айылынан 35-40 жаштагы тургунунун киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Экспертттер денеден бир нече жарат аныкташкан. Окуя болгон жерден канга боюлган таш табылган. Өлгөн адам 1979-жылы туулган жергиликтүү тургун экендиги аныкталган.

Москва райондук ИИБнын иликтөө бөлүмү кылмыш жана жаза кодексинин негизинде "Адам өлтүлүү" фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам иликтөө ишинин натыйжасында, милиция кызматкерлери кылмыш жазаган адамдарды колго түшүрүшкөн. Алар Ак-Суу айылынын 23 жана 28 жаштагы тургундары экендиги аныкталган.

Учурда алар убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224307

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.