Профилдик комитет энергетика министрлигине Артыкбаевдин талапкерлигин колдоду

  21.05.13   16:33
 285

Жогорку кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Энергетика жана өнөр жай министрлигине Осмонбек Артыкбаевдин талапкерлигин колдоду. Мындай чечимди депутаттар бүгүн, 21-майда өткөн комитет жыйынында кабыл алышты.

Отурумда Артыкбаевдин талапкерлигин вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев тааныштырды. Эл өкүлдөрү талкууга албастан кодоп беришти.

Эскерте кетсек, учурда Артыкбаев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны жетектейт.

Эл эми мурдагы энергетика министри Автандил Калмамбетов 22- апрелде ээлеген кызматынан бошотулган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224311

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.