Бишкекте бычак менен куралданган киши өтүп бара жаткан адамды жарадар кылган

  21.05.13   16:49
 303

Бишкекте бычак менен куралданган киши өтүп бара жаткан адамды жарадар кылган. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 53 жаштагы Бишкек тургуну түнкү саат 1:00 чамасында үйүнө кетип бара жаткан жерден, подъезддин жанынан бейтааныш адам эч кандай себепсиз ага бычак ургандыгын айтып арыз менен кайрылган. Анын бутуна жана колуна бычак сайылган.

Бул факт боюнча Бишкек шаардык ИИБнын кызматкерлери 52 жаштагы адамды колго түшүрүшкөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224313

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.