"Манас" аэропортунун жолунан автоунаа ээси велосипедчини койдуруп кетти

  21.05.13   16:58
 259

Кечээ, 20-майда саат 13:00 чамасында Toyota Highlander автоунаасын башкарып бара жаткан 29 жаштагы Бишкек тургуну "Манас" аэропортуна барчу жолдон велосипед менен келе жаткан Сокулук районунун Манас айылынын 33 жаштагы тургунун койдуруп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын кесепетинин велосипедчи окуя болгон жерден жан берген.

Учурда Сокулук райондук ИИБ окуяны иликтөөгө алууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224317

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.