Бишкекте Абсамат Масалиевдин мааракесин белгилешти

  22.05.13   07:53
 291

Кечээ, 21-майда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чара Масалиев тууралуу даректүү тасманы көрсөтүү менен башталды.

Иш-чарага парламенттин спикери Асылбек Жээнбеков, президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, коомдук ишмерлер Орозбек Дүйшеев, Бейшенбек Акунов, Тилектеш Ишемкулов, Масалиевдин жубайы Кайриниса Козубаева жана уулу Исхак Масалиевдер катышты. Иш-чарада парламент төрагасы, президенттин аппарат жетекчиси сөз сүйлөдү.

Эскерте кетсек, Абсамат Масалиев Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы кызматтарын аркалаган. СССР Жогорку Кеңешинин X, XI, XII чакырылыштарынын, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин беш жолку, Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224319

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.