Президент: Кыргызстан - Борбор Азиядагы эң эле туруктуу мамлекет

  22.05.13   07:54
 343

"Революция бийликтин акылсыздыгынан, адилетсиздигинен келип чыгат",- деп айтты кечээ, 21-майда КМШ өлкөлөрүнүн, Балтия жана Грузиянын Башкы редакторлор клубунун мүчөлөрү менен болгон жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы кыргыз элине авторитардык бийлик мүнөздүү болбогонун күбөлөндүрүп турган тарыхый маалымдаманы мисалга келтирди. "Кыргызстандын эки миң жылдык тарыхында өз жетекчилерибизди биз дайыма шайлап келгенбиз. Кыргыздарда акыйкатты же акыйкатсыздыкты туюп сезүү сезими курч",- дейт Атамбаев.

Ал Кыргызстан президенттик-парламенттик түзүлүштү тандап алганын белгилеп өттү. "Кыргызстан - Борбор Азиядагы эн туруктуу мамлекет. Мындан ары революциялар болбойт",- деп ишендирди президент.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224320

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.