Президент: "Кумтөрдү" улутташтыруу көп маселелерге алып келет

  22.05.13   07:58
 342

"Кумтөрдү" улутташтыруу көп маселелерге алып келет",- деп айтты кечээ, 21-майда КМШ өлкөлөрүнүн, Балтика жана Грузиянын Башкы редакторлор клубунун мүчөлөрү менен болгон жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев.

Анын айтымында, азыркы учурда Кумтөр алтын кенинин иштетип жаткандар менен келишимди өзгөртүү иштери жүрүп жатат жана жылыштар бар. "Мындан ары бийликтегилердин эч кимиси алтын кендеринен акча иштеп таба албайт. Маселе таза жана өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн гана чечилет",- дейт Атамбаев.

Анын айтымында, башка кендерге мындан кийин лицензия берүү иштери "ачык жана таза" жүргүзүлөт.

Президент ошондой эле инвесторлорго мыйзамдуу алынган лизенция кепилдик болоорун белгилеп өттү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224323

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.