11 жаштагы Айгерим Дүйшөнбиеванын абалы өтө оор

  22.05.13   08:00
 275

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун маалыматына караганда, 11 жаштагы Айгерим Дүйшөнбиеванын абалын дарыгерлер оор деп аташууда. Абалынын оордугу күйүк оорусуна байланыштуу. Бул тууралуу кечээ, 21-майда КР саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 28-апрелде Айгерим токко тартылып кырсыктаган. Дарыгерлердин айтымында, анын абалы туруксуз жана оор деп табылган.

Кыздын абалы оор болгондуктан аны башка жайга жеткирүүгө мүмкүн болбой, Ат-Башы аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүндө калтырылган. Айгеримге операция жасалган. 10-майда кыздын абалы турукташып, Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнө жеткирилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224328

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.