№7 кичи райондо үйдүн кире беришинен кыздарга кол салган жаранды кармашты

  22.05.13   08:03
 230

№7 кичи райондо көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришинен кыздарга кол салып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан жеке булак билдирди.

Кылмыш иликтөө кызматкерлеринин айтымында, кармалган жигит өзүнүн курмандыктарын көп кабаттуу үйдүн жанынан кайтарып, кире бериште кыздар менен чогуу киримиш болуп түр көрсөтүп келген. Учурдан пайдаланып кыздарга асылып, алардын кийимдерин чечкенге аракет кылчу. Коркутуп, андан соң кыздардын акчаларын жана телефондорун тартып алып жүргөн.

Курмандыкка айлангандар кылмышкердин жүзүн эстеп калышкан эмес. Бирок, кыздардын бири тоноочу жигитке каршылык көрсөтүп, өзүнүн сумкасы менен башка бир канча жолу койгулаган. Ал кыз кылмышкердин жүзүн эстеп калган.

Опер кызмактерлери айыпкерди кармашты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224330

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.