Атамбаев: Жириновскийдин билдирүүсүн көйгөйлүү маселеге айландыруунун кереги жок

  22.05.13   08:39
 277

Президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев ЛДПР фракциясынын лидери, Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Владимир Жириновскийдин Ысык-Көлгө байланыштуу билдириүүсүн мазактоо катары эсептебейт. Бул тууралуу өлкө башчы 21-майда КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн башкы редакторлор клубунун мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда билдиди.

Атамбаев Жириновский өзүнүн билдирүүсү менен карызды убагында төлөө зарылдыгын айткысы келген деген пикирин билдирди.

"Ал адатынча аша чаап кетти. Бирок мен Кыргызстандын дарегине карата эч кандай мазактоону байкаган жокмун. Биз чымынды пилге айландырып жатабыз. Анын билдирүүсүнөн мен Жириновскийдин Кыргызстанды жана Ысык-Көлдү жакшы көрөөрүн түшүндүм. Бул маселени эки өлкө парламентинин ортосундагы көйгөйгө айландырбай, жөн гана күлүп коюш керек болчу", - деди Атамбаев.

Эскерте кетсек, өткөн айда Жириновский орус бийлигинин Кыргызстандын карызын кечишине каршы болуп, карыздын ордуна Ысык-Көлдү алыш керек деген билдирүү тараткан. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары Владимир Жириновскийди нон-грата персонасы деп жарыялап, Кыргызстанга келүүсүнө тыюу салган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224331

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.