Кара-Суу районунан дайынсыз жоголгон балдар табылды

  22.05.13   09:05
 359

Кара-Суу районунан милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон эки баланы табышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кара-Суу райондук ИИБнын кылмыш ишиктөө бөлүмүнүн кызматкерлери мындан 20 күн мунун жоголуп кеткен балдардын жүргөн жерин аныкташкан.

Маалыматка ылайык, 14-май күнү укук коргоо органдарына Кара-Суу районунун тургуну 24-апрелде күндүзгү саат 12:00 чамасында анын 2005-жылы туулган эркек жана 2009-жылы туулган кыз жээндери үйдөн чыккан боюнча кайрылып келбегендигин айтып арыз менен кайтылган.

Алар өз алдынча издөө салуудан жыйынтык чыкпагандан соң милицияга билдирүү жасашкан.

Балдардын апасы күйөөсү менен ажырашып кеткен. Ал Россияда иштегендиктен балдарын туугандарыныкына таштаган. Өспүрүмдөр жок болуп кеткенде жакындары эң алгач милицияга кайрылган эмес. Анткени аларды атасы алып кетти деп ойлошкон. Ал эми алгачкы иликтөө иштерин жүргүзгөндө алардын атасы балдарын бир нече айдан бери көрө элек экендигин айткан.

Милиция ошол эле күнү издоо салып, балдар атасынын үйүнөн табылган. Анын үйүн тинтүүгү алган учурда балдарын алып кеткендигин жана аялынын туугандарынан жашырып койгондугун мойнуна алган.

Учурда балдардын жашоочу жайын аныктоо иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224334

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.