Бишкекте темир жолду кесип өткөн жолдон тепловоз автоунааны илип кетти

  22.05.13   09:22
 289

Бишкекте темир жолду кесип өткөн жолдон тепловоз автоунааны илип кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Тимур Фрунзе жана Лев Толстой көчөлөрүнө жакын жайгашкан темир жолду кесип өткөн жолдо катталган.

Жолдо автоунаалардын тыгыны жаралган учурда, жеңил машиналардын биринин айдоочусу поезд келгиче жолдон өтүп кетүү аракетин жасаган. Локомотивдин айдоочусу күтүүсүздөн тормоз басканга жетишпей калган жана тепловоз машинаны бир нече метрге чейин сүйрөп кеткен. Окуя адам өмүрүнө коркунуч алып келген жок.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224335

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.