Түндө Кара-Суу районунда кафе өрттөндү

  22.05.13   09:35
 286

Түндө Кара-Суу районундагы "Ала-Арча" кафеси өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын кызматкерлери билдиришти.

Өрт чыккандыгы тууралуу маалымат бүгүн, 22-майда түнкү саат 3:00 чамасында "101" пульту аркылуу келип түшкөн.

Өрт өчүрүүчүлөр жардамга барганча имараттын жарымы жана эмеректер күйүп кеткен. Өрттү өчүрүү үчүн бир сааттай убакыт кеткен. Учурда эксперттер анын келип чыгуу себептерин аныктоодо.

Түндө Кыргызстанда 7 өрт кырсыгы катталган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224336

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.