Орусия-Азербайжан "Евровидениенин" жыйынтыгын териштирет

  22.05.13   09:28
 269
 

Орусия жана Азербайжан Eurovision сынагында орусиялык ырчы Дина Гариповага эмне себептен азербайжандар нөл упай бергенин иликтешет.

Шейшемби күнү Азербайжан тышкы иштер министри Элмар Мамедияров орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен чогуу Москвада журналисттер алдында сүйлөп, өлкөдө Гариповага добуш бергендер көп болгонун азербайжандык уюлдук оператору ырастаганын билдирди. Мындай болгондо орусиялык ырчы он упай алган болот. Лавров болсо "жосунсуз окуя" өз жообун аларын эскертти.

Ишемби күнү Швециянын Мальме шаарында аяктаган "Евровидение" сынагында Дина Гарипова бешинчи орунду ээлеген. Биринчи орунду даниялык ырчы Эмили де Форест алган.

Президент Алиев Азербайжандагы добуштарды кайра саноону буйруганын кечээ расмий маалымдаган.

Булак: "Азаттык" үналгысы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224337

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.