Россияга кыргызстандыктарды чет элдик паспорт менен киргизүү сунушталууда

  22.05.13   10:28
 385

"Биз кыргызстандык досторубуз, өнөктөштөрүбүз менен эки жана көп тараптуу фарматта иш алып барып келе жатабыз жана мындан ары дагы кызматташытыкты бекемдөөгө кызыктарбыз". Мындай пикирин "ВБ"га Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын директору Константин Ромодановский Москвада өткөн маалымат жыйынында суроолорго жооп берип жатып билдирди.

"Эки өлкө ортосунда чечүүнү талап кылган маселелер арбын, биз ар дайым аларды түшүнүшүү менен чечип келебиз. Татаалдашып кеткендери дагы жок эмес. Мындай учурларда тараптардан аны оң жагына чечүү үчүн чоң аракет талап кылынат",-деди ал.

Ага мисал катары Ромодановский Россиянын аймагына киргенде анын мыйзамдарын сактабаган фактыларды айтып өттү. Ал Борбор Азия мамлекеттери менен визалык режим идеясын колдобойт, Ромодановский Россиянын аймагына чет элдик паспорт менен киргизүүнү сунуштайт.

"Бул темага байланыштуу телеберүүлөр уюшурулган. Мен мындан туура эмес жасалган эч нерсе көргөн жокумун. Кыргызстан 300 миңден чет элдик паспортту каттоодон өткөрүп жатып, Россияга пластикалык карточка менен кирип жатышы дисбалансты жаратып жатат. Пластикалык карточкага белги кое албайсың. Буга түшүнүү менен карап, ыкчам чара көрүү керек",- деп кошумчалады Ромодановский.

Константин Ромодановский Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин жаңылануусу менен Россиянын Федералдык миграциялык кызматыны биргеликте бул сыяктуу көйгөйлүү маселелерди чечет деген ишенимин билдирди.

"Кыргызстандын жаңы структурасы мигарция маселесине абдан чоң маани берет деп ойлойм", - деп кошумчалады Ромодановский.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224339

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.