Футбол федерациясынын жетекчилиги ФИФАнын өкүлдөрү менен кезигишти

  22.05.13   10:00
 250

20-майда Бишкекке ФИФАнын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын (КРФФ) жетекчилиги менен жолугушууга келишти.

КРФФнин берген маалыматына караганда, эл аралык федерациянын атынан Азия жана Океания мамлекеттери менен иш алып барган ФИФАнын жеке кызматкери Дэвид Борха, ФИФА кеңсесинин жетекчиси Шаджи Прахабкаран жана ФИФАнын өнүгүү кеңсесинин офицери Нодар Ахалкаци келишти.

Жолугушууга Кыргызстан тараптан федерациянын президенти Семетей Султанов жана генералдык катчы Асылбек Кадралиев барышты.

Белгилей кетсек сүйлөшүү учурунда ФИФАнын колдоосу менен улуттук футбол федерацияларынын инфраструктураларын оңдоого жана машыктыруучу, калыс жана административдик кызматкерлерге окуу курсун уюштуруучу "Гол" долбоорун андан ары улантуусу тууралуу макулдашты.

Ошондой эле "Достук Кубогу", "Үмүт Кубогу" өспүрүмдөр жана аялдар турнирлеринин перспективалары жана Кыргызстанда футболду жайылтуу маселелери тууралуу сүйлөшүлдү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224340

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.