Аткезчилик жол менен күйүүчү жана майлоочу май ташып бара жаткандар кармалды

  22.05.13   10:31
 250

Кечээ, 21-майда Баткен облусунун Карабак айылынан Баткендин чек ара отряды УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан жүктү кармашты. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Кармалган кыргыз жарандары Кыргызстандын чек арасы аркылуу Тажикстанга өтүп бара жаткан. 3 чоң жүк ташуучу автоунаа 120 тонна күйүүчү жана майлоочу майды ташып өтүү аракетин жасаган. Анын болжолдуу баасы 5 млн сомду түзөт.

Тиешелүү документтерди каттоодон өткөргөн соң кармалгандар жүк менен бирге УКМКнын кызматкерлерине өткөрүүлүп берилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224341

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.