Бек Жылдыз: Балдарды китепке тартыш үчүн башкача ыкмалар керек болуп жатат

Чыгармачылык дүйнөсүнө аттангандан бери Бек Жылдыз жүздөн ашык аңгеме, ыр жазып, бөбөктөргө арналган 27-китептин автору болду.
  22.05.13   11:54
 767

Балдар жазуучусу Бек Жылдыз орус жана кыргыз тилинде чыгарма жазат. Чыгармачылык дүйнөсүнө аттангандан бери жүздөн ашык аңгеме, ыр жазып, бөбөктөргө арналган 27-китептин автору болду. Балдар кызыгып көргөн "Керемет көч", "Жомок дүйнөсүнө саякат" теле берүүлөрүнүн жаралышына салымы бар. Учурда Жазуучулар союзунда жазуучулардын өз колдору менен жазылган архивдерине үнүлүп, балдар адабияты бөлүмүн жандандырып иш алып барууда. Бек Жылдыз бүгүн биз менен балдар адабияты тууралуу кенен ой бөлүштү.

Электрондук оюндар китептин атаандашы

Азыркы балдарды китепке тартыш үчүн калыптанган эмес башкача ыкмалар керек болуп жатат. Мисалы, мурда балдардын кызыккан нерсеси эле китеп болчу. Балдардын эрмеги китеп болчу. Азыр болсо балдардын эрмеги компьютер оюндары, двд, телевизор, уюлдук телефон. Айтор электрондук оюндар балдардын эрмеги болуп калды. Ушул нерселердин баары китеп окууга атаандаш болууда. Бул бизде эле эмес, бүткүл дүйнөлүк тенденция. Биз китептин эң негизги сыйкырчылык милдетин балдарга түшүндүрүп, китепке тартышыбыз керек. Балдарды китепке тартыш үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүү керек. Китепти кызыктуу жазыш керек. Китепти балдарга жазганда тубаса балдар жазуучусу болуп жаралыш керек. Жазуучунун да жазуучусу болуш керек. Айрымдар балдарга арнап чыгарма жазып, өз каражатына жарыка чыгарып, балдарга таратып койуусу ыктымал. Бирок бул китептин суусу көп, супсак болсо терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок биз аны чыгарба деп айта албайбыз. Ар бир жазган адам ошон үчүн жоопкерчилиликтүү болуш керек. Балдардын алдындагы жоопкерчилик эң чоң жоопкерчилик. Биз балдарды жакшы көрбөсөк, тереңдеги сезимдерден жакшы чыгармалар жаралбайт. Андерсендин, Пушкиндин жомокторун издеп окугандай балдар биздин китепти издеп окуган абалда болушубуз керек.

Жаштардан балдар жазуучулары жокко эсе

Азыр Жазуучулар союзунда жаш акындардын "Нурборбор" уюмун жакшы билесиздер. Алар дайыма бейшемби күндөрү чогулуп, талкуу жүргүзүшөт. Анан мен алардын талкуусуна анда-санда кирип, "балдарга арнап чыгарма жазып жатасынарбы?" деп кайрылам. Балдарга арнап чыгарма жазган жаштар жокко эсе. Мен ошого абдан түйшөлөм. Санай келсек беш манжабыз жетпеген эле саналуу жазуучуларыбыз бар. Бирин-серин орус тилинде жазган жаштар кездешүүдө.

Залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун "Балдар дүйнөсү өзүнчө планета" деп айтканы бар. Балдарды түшүнбөй эле биз өз көйгөйлөрүбүздү тануулай бермей адатыбыз бар.

Балдар жазуучусу кандай учурда чыгарма жазат. Эң бактылуу болуп турганда, көйгөйү жокто, таза сезим менен жазышы керек. Өткөн жылы мен беш эле аңгеме, бул жылы алты аңгеме жараттым. Бул абдан аз. Көр тириликке көмүлгөн ушундай заманда бала дүйнөсүнө кирип чыгарма жаратуу абдан оор. Балдар жазуучулары өзгөчө жаралган адамдар. Өкмөт аларга кам көрүп, багып алышы керек.

Чий куурчак

Чий куурчак аттуу балдарга арналган ангемем үч бөлүктөн турат. Биринчи бөлүмдө жайлоодогу биздин оюндарыбыз, экинчи бөлүмдө тайнем жасап берген куурчак кереметтүү окуясы менен. Үчүнчү бөлүм чий куурчактын сынакка катышкан окуясы. Бул китебим жарыкка чыгып Кумтөр компаниясынын каржылоосу менен Касымаалы Баялинов атындагы китепканада китептин ачылышы өткөрүлүп, балдарга сонун майрам тартууладым. Бул китеп бүтүндөй республикабыздагы үч миндей китепканага акысыз таркатылды.

Менин неберем төрөлгөндө өзүмдүн тайнемди, тайнемдин бизге жасап берген чий куурчактарын эстеп бул өнөрдү неберелериме үйрөтөйүн деп куурчакты жасап баштадым. Чий куурчакты биздин өлкөдө жашаган башка элдердин, улуттарды кийимин кийгизип, фестиваль өткөрөйүн деген максат коюп, азыр ошонун үстүндө алектенип жатам. Улам жасап бүткөн куурчактарды Касымаалы Баялинов атындагы китепканага алып барып учурда жыйырмадай куурчак койдум. Жалпы сексендей куурчак болушу керек. Менин идеям ар башка улуттун кийимин кийген чий куурчактар өз улутунун жомогун айтып берет. Анан ошол ар бир улуттун жомогу кыргызчаланып, китеби жарыка чыгышы керек. Чий куурчак аркылуу ар бир улуттун кийимдерин, каада-салтын балдарга тааныштырып, бөбөктөрдүн дүйнөгө болгон ой өрүштөрүн кенейтүү. Эл аралык уюмдар каржылап берсе бул балдар үчүн керемет салтанат болот деп ишенем.

Жазуучу бөбөктөр

Балдарды чыгармачылыка тартуунун өз жолдору бар. Мисалы, ар бир нерсе биринчи ырдан, биринчи ангемеден, биринчи жомоктон башталат. Бала таланттуу болсо дароо көзгө көрүнөт. Ал талантты таптап өстүрүш керек. Жазганга шыгы бар балдардын каймактарын чогултуп жүрөм. Убагында балдар жазуучусу Агния Барто Чехославакияга барып, чех балдарынын жыйнагын чыгарган. Балдар жазган сонун нерселерди чогултуп жүрөм. Ар бир баланыкын өзүнчө китеп кылып чыгарсам деген аруу тилектер бар. Алар өздөрү кандай жазганын да даана биле беришпейт. Ошондуктан балдар жазуучулары калемгер балдар үчүн семинар өткөрөлү деген пландар бар. Мисалы, Токтосун Самүдүнов агайдын семинары ж.б.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224343

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.