Григорий Мальцев сууда сүзүү боюнча чемпионатында төрт алтын медаль тагынды

  22.05.13   11:26
 474

16-майдан 18-майга чейин Бишкек шаарында сууда сузуу боюнча өткөн чемпионатттын жеңүүчүлөрү белгилүү болду. Бул тууралуу Мамлекеттик дене-тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айымдар арасында брасс менен 50, 100, 200 метр аралыкта үчөөнөн тең эл аралык класстагы спорт чебери Дарья Таланова утуп алды. Ошондой эле Кыргызстандын чемпиондору болуп Валерия Уварова жана Любовь Шевченко аталды.

Мырзалар арасында төрт алтын медалдын ээси Григорий Мальцев болду. Александр Слепченко, Станислав Карнаухов жана Дмитрий Александровдун капчыгында үчтөн алтын байге. Кирил Вайс, Султан Букеев жана Бек Сыдыгалиев бир жолудан жеңишке жетишишти.

Мелдеште 34 медалдын комплектиси ойнотулуп, 80ден ашык спортчу катышты.

Турнир Мамлекеттик дене тарбия жанеа спорт агенттигинин карамагы алдында өттү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224347

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.