Базарбаев бала асыроо боюнча мониторинг жүргүзө тургандыгын убада кылды

  22.05.13   12:01
 296

"Ата-Журт" фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошова бүгүн, 22-майда парламенттин жалпы жыйынында социалдык өнүгүү министрлигине талапкер Кудайберген Базарбаевге бир топ суроолорду узатты.

"Социалдык өнүгүү министринин орун басары Гүлнара Дербишева пара менен кармалганда кандай чатак чыккандыгы менин эсимде. Демек министрликте биздин балдарды саткан адамдар бар. Сиз мындай көрүнүштөрдүн бетин кантип ачасыз? Мурдагы министр Равшан Сабиров жөн жерден түрмөдө отурат, тиешелүү адамдарды камашкан жок. Бул Сабировго атайын уюштурулган жана аны бардыгыбыз жакшы билебиз", - деди Жолдошова.

Базарбаев, эгерде палата анын талапкерлигин колдой турган болсо, бала асыроо боюнча мониторинг жүргүзө тургандыгын убада кылды.

Эскерте кетсек, Базарбаев коалициялык квотанын негизинде "Ата Мекен" фракциясынан сунушталып жаткан 3-талапкер. Биринчи Равшан Сабиров келип, ал коррупция боюнча айыпталып эркинен ажыратылган. Андан соң Кылычбек Султанов дайындалып, ал өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224348

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.