Волейбол: "Салам-Алик" "Жаңы-Муунду" утуп, Улуттук лиганын лидерлигине чыкты

  22.05.13   11:53
 338

Улуттук лигадагы командалар арасындагы волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын соңку турунун экинчи күнү да бүттү.

Эки лидер учурдагы өлкөнүн чемпиону "Салам-Алик" менен ысык-көлдүк "Жаңы-Муундун" беттешүүсү турнирдин акыркы матчы болду. Алгачкы партия эки тараптын тең чабуулунан башталды. Эсептеги ажырым бир эле упай болуп жатты. Бирок акыры "Салам-Алик" алдыга озуп чыгып, эки упай айырма менен ийгиликке жетишти. Экинчи партияны "Жаңы-Муун" төрт упай артыкчылыгы менен бүтүрдү. Жалпы эсеп 1:1.

Үчүнчү партиянын башында көлдүктөр алдыда келе жатышты, бирок соңунда "Салам-Алик" жеңишти колдон сууруп чыкты (23:25). Акыркы период да чемпиондор жакшы оюн көрсөтүшүп, жалпы эсеби 3:1 менен "Салам-Алик" утуп кетти.

Ошондой эле ушул күнү "Динамо МВД" аутсайдер "Уларды" 3:1 эсеби менен, ушундай эле эсеп менен "Ош Бажы-Карасуу" коло байгеге талапкер "ВВ МВД+К"ни жеңишти.

Чемпионаттын турнирдик таблицасында 22 упайы менен"Салам-Алик" алдыда, "Жаңы-Муун" 21 упайы менен кэинчи жана бирдей 18 упай менен "Динамо МВД" жана "ВВ МВД+К" үчүнчү орунга талапкер.

22-майга карата беттештердин ирети:

"Жаңы-Муун" – "Улар";

"Салам-Алик" – "ВВ МВД+К"

"Динамо МВД" – "Ош Бажы-Карасуу"

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224349

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.