Илья Самсония жарым жартылай күнөөсүн мойнуна алды

  22.05.13   12:06
 324

Бүгүн, 22-майда Биринчи Май райондук сотунда 2012-жылы "Манас" аэропортунан колго түшүрүлгөн грузиялык мыйзамдагы ууру Илья Самсониянын ишине байланыштуу соттук отурум улантылып, ал күнөөсүн жарым жартылай мойнуна алды жана көрсөтмө берүүдөн баш тартты.

Самсония Кылмыш жаза кодексине ылайык анын көрөстмө берүүгө же андан баш тартууга укугу бар экендигин айтты. "Мен чек араны мыйзамсыз кечип өткөндүгүмдү мойнума алам. Калган коюлуп жаткан айыптар менен макул эмесмин", - деди ал.

Анын коргоочусу Чолпон Темирбаеванын айтымында, Самсония жасалма документ алып жүргөндүгү үчүн өзүн күнөөлү деп эсептебейт.

Эскерте кетсек, Самсония Кыргызстандын Кылмыш жана жаза кодексинин "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "Жасалма документ алып жүрүү" деген эки беренесине ылайык айыпталууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224350

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.