Максим Бакиев Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө даттанды

Кылмыш иши Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлдү.
  22.05.13   13:07
 342

Максим Бакиевдин жактоочулары экс-президент Курманбек Бакиевдин уулун коррупцияга жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы мамлекеттик сатып алууларды жүргүзгөн келишимди түзгөн деген кылмыш иштерине айыптаган Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө макул эмес.

Эскерте кетсек, кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна 2012-жылы 12-октябрда келип түшкөн жана судья Бекболот Жаналиевдин кароосуна берилген.

Сайтта "айыпталуучу Максим Бакиев "ТНК "Дастан" ачык акционердик коомунун (ААК) башкаруу төрагасы кызматына дайындалган Алексей Елисеев менен сүйлөшүп алып, акциялар пакетине мыйзамсыз ээлеп алууга аракеттенишкен",- деп айтылат. Өздөрүнүн мыйзамсыз аракетинин жыйынтыгында Бакиев менен Елисеев "ТНК "Дастан" ААКынын 50,5% акциясына ээ болушкан. Белгилей кетсек, "ТНК "Дастан" ААКнын башкаруу төрагасы Алексей Ширшов болгон.

Биринчи соттук жыйын 2012-жылдын 6-декабрына белгиленген, бирок айыпталуучунун актоочусу болбогондуктан эки жолу кийинкиге жылдырылган.

Жаңы жактоочу дайындалгандан кийин соттук жыйын 6-февралга белгиленип, Биринчи май райондук соту 2013-жылдын 26-мартында айыпталуучунун үй мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга күчөтүлгөн режимде абакка кескен.

Бакиевдин жактоочусу 3-апрелде Биринчи Май райондук сотуна апелляциялык арыз жазган, ушул жылдын 14-майында кылмыш иши Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлдү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224353

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.