АКШ: Куткаруу иштери аяктап калды

  22.05.13   14:04
 269
 

Охлахомадагы ондогон кишилердин өмүрүн алган кыйраткыч торнадодон кийинки куткаруу иштери аяктап калганын расмийлер билдирүүдө.

Өрт кызматынын башчы Гэри Берд, урандылар алдында тирүү кишилер же сөөктөр калбаганына 98% ишеним бар экенин айтты.

Ал ортодо, метеорологдор Оклахомадагы торнадо жеткен чегине жеткенин билдирди.

Айрыкча, шататтын борборунан анча алыс эмес жайгашкан Мур шаарча кабуу жабыркаган.

Ушу тапта 24 киши өлгөнү тууралуу маалымат тастыкталды. Булардын тогузу балдар.

Мурдараакта 51 киши өлгөнү кабарланган. Бирок кийинчерээк, баш-аламандыкта курмандыктар эки жолудан саналып калган болушу мүмкүн экенин айтылган.

Булак: Би-Би-Си Кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224357

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.