Бишкекте кикбоксинг боюнча эл аралык турнир өтөт

  22.05.13   14:30
 289

11-июнда Кыргызстан менен Түркиянын алдыңкы файтерлеринин матчтык беттешүүсү болот. Бул тууралуу "ВБ"га КР кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воинов билдирди.

Анын айтымында, мелдеш "Баңгизатка каршы күрөш" түрк коомдук бирикмеси тарабынан демилге көтөрүлгөн.

"Бишкекке биздин файтерлер менен беттешүүгө Түркиядан чыккан бир нече дүйнө чемпиондору жана бир канча олуттуу ийгиликтерге жетишкен жаш мушкерлер келишет. Кыргызстандын намысын атактуу Кумар Жалиев, Рашид Аманкулов, Ален Офойо, Алексей Федосеев жана ушулардан кем калышпаган башка да спортчулар коргошот", - деп Воинов айтып берди.

Белгиленгендей, турнир Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан колдоого алынып, түрк телевидениесинен көрсөтүлөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224360

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.