Бюджет кошумча 1,5 млрд сомду бензинге салыктын көбөйүшүнөн алат

  22.05.13   14:42
 277

Бензинге карата акциздик салыкты эки эсеге көбөйтүү кошумча 1,5 млрд сомдун түшүүсүн камсыздамакчы. Бул тууралуу "ВБ" бүгүн, 22-майда, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев кабарлады.

Анын маалыматына таянсак, азыркы учурда нефтетрейдерлерден жыл сайын 5 млрд сомго чейин салык чогултулат. Акенеев салыктын өсүшү бензиндин бир литринин баасы 0,98 сомго кымбатташына байланыштуу экенин айтат.

Учурда нефтетрейдерлердин колундагы отун запасынан жана түзүлгөн келишимдерден улам жана күйүүчү-майлоочу майларга карата баа көтөрүлбөйт.

Эскерте кетсек. 18-майдан тартып Кыргызстанда бензинге карата акциздик салык эки эсеге - тоннасына 1 100 сомдон 2 200 сомго чейин кымбаттаган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224361

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.