Базарбаев Социалдык өнүгүү, Артыкбаев энергетика министри болду

Жыйынга катышкан 112 депутаттын ичинен Артыкбаев үчүн 105 депутат, Базарбаевге – 100 депутат добуш берди.
  22.05.13   14:59
 278

Бүгүн, 22-майда парламенттин депутаттары ачык электрондук добуш берүү менен өкмөт башчы тарабынан Энергетика жана өнөр жай министрлигине Осмонбек Артыкбаевди, Социалдык өнүгүү министрлигине Кудайберген Базарбаевди сунушталган эки министрдин талапкерлигин колдоду.

Жыйынга катышкан 112 депутаттын ичинен Артыкбаев үчүн 105 депутат, Базарбаева – 100 депутат добуш берди.

Эскерте кетсек, Социалдык өнүгүү министрлигине Базарбаевдин талапкерлиги "Ата Мекен" фракциясына бөлүнгөн квота боюнча үчүнчү болуп сунушталды. Буга чейин аталган фракция Равшан Сабировду, Кылычбек Султановду министрлик кызматка сунуш кылышкан болчу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224363

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.