Футбол: бүгүн КР Гонконгтун айымдар курама командасы менен беттешет

  22.05.13   14:55
 270

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча айымдар курама командасы Азия-2014 чемпионатынын тандоо турунда алгачкы матчын өткөрөт.

Кыргызстандын футбол федерациясы маалымдашынча, биздин команда Бишкек убактысы боюнча саат 23.00дө Гонконг менен ойнойт. Матч Бахрейндин Манама шаарындагы улуттук стадионунда өтөт.

Эске салсак, Азия чемпионатына В группасындагы тандоо турнирлери 22-26-майда Манама шаарында болот. В группасында Кыргызстан менен чогуу Вьетнам, Гонконг жана Бахрейндин курама командалары бар.

Матчтардын убактысы (Бишкектин убактысы боюча)

24-майда 23.00 – Кыргызстан – Вьетнам;

26-майда 23.00 – Кыргызстан – Баңрейн.

Тандоо туруна Кыргызстандын расмий делегациясынан 31 адам барып, анын 23ү оюнчу жана сегизөө расмий тарап менен баргандар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224365

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.