Белоруссиянын бийлиги Бакиевди Кыргызстанга берүү мүмкүндүгүн караштырган жок

  22.05.13   15:13
 298

"Белоруссиянын бийлиги Кыргызстанга бул өлкөнүн экс-президенти Курманбек Бакиевди берүү мүмкүндүгүн караштырып жаткан жок",- деп билдирди РИА Новости булагына Белоруссиянын укук коргоо органдарынын өкүлү.

Буга чейин айрым ЖМКларда дипломатиялык булактарга шилтеме кылуу менен "Минск Курманбек Бакиев жана анын инисин экстрадициялоо тууралуу сүйлөшүүлөргө макул болду",- деп маалымдалган эле.

"Курманбек Бакиев Белоруссиянын жараны болуп эсептелет",- деп айтты агенттиктин маектеши.

Ал белорус мыйзамына ылайык, республиканын атуулу башка өлкөгө берилбей турганын айтат.

2010-жылы апрелде Кыргызстанда болгон мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Бакиев Белоруссияга кетип жана республиканын жарандыгын алган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224366

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.