Кыргызстандан самбо боюнча Азия чемпионатына 47 спортчу барат

  22.05.13   15:11
 322

Спорттук жана мушташ самбо боюнча Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан 47 спортчу катышат. Бул тууралуу "ВБ"га самбо боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Артур Сон кабарлады.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандын курама командасы 47 спортчу үчүн виза күтүп жаткан чагы. "Биз мелдешке өспүрүмдөрдү жана чоңдорду дагы чыгарууну пландап жатабыз", - деди башкы тренер.

Ошондой эле ал Мамлекеттик Дене тарбия жана спорт агенттиги Азия чемпионатындагы медалдарга талапкер болгон мырзалар арасындагы алты спортчуга каражат бөлүп беришти. Калган спортчулар Чемпионатка өз эсебинен жана самбо федерациясынын каражатына барганы жатышат. "Быйылкы жылы чемпионат Кореяда өтөт. Кыргызстандыктар үчүн бул абдан алыскы мамлекет, ал эми эч кандай байге ала албаган спортчулар үчүн мамлекеттин каражатын коротуунун кажети жок", - деди Сон.

Балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор арасындагы Азия чемпионаты 1-2-июнда Сеул шаарында болот.

Эске салсак, мамагенттиктин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, Азия чемпионатында Кыргызстандын атынан Жаркынбай уулу Элдияр, Нурлан Эралиев, Артур Те эл аралык класс боюнча спорт чеберлери, ошондой эле Мамбетжан уулу Урмат, Элеман Касымбаев, жана Асылбек уулу Жамалбек спорт чеберлери чыгышат. Команда чемпионатка курама команданын башкы машыктыруучусу Артур Сондун жетекчилиги алдында сапарга чыгышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224367

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.