Кара-Балтада бокс боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир өтөт

  22.05.13   15:16
 247

5-июндан 8-июнга чейин Кара-Балтада бокс боюнча өспүрүмдөр арасында Мамыт Акеровдун байгеси үчүн II эл аралык турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык турнирге 1997-1998-жылы туулган спортчулар катышат.

Республиканын аймактарыдагы боксчулардан тышкары турнирге Россия, Өзбекстана жана Казакстан менен Тажикистандан келген спортчулар катышат.

Мамыт Акеров дене тарбия жана спорттун эмгек сиңирген кызматкери, Кыргызстандагы эл арадык категориядагы (AIBA) биринчи судья жана эмгек сиңирген машыктыруучу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224368

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.