Күрөш боюнча Азия чемпионатына бара турган команданын курамы белгилүү болду

  22.05.13   15:23
 260

Өспүрүмдөр арасында өткөн Азия чемпионатына күрөштүн үч түрү боюнча бара турган Кыргызстандын командасынын курамы белгилүү болду. Мамлекеттин Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматынын билдиришинче, айымдар арасындагы күрөштө Кыргызстандын атынан Нуржанат Бекматова, Кундуз Кушубакова жана Айсулуу Тыныбековалар барышат. Аларды машыктыруучу Нурбек Изабеков жетектейт.

Андан тышкары грек-рим күрөшү боюнча курама командага Эрлан Садырбеков, Аманбек уулу Аскат, Самат Шырдаков, Камбар Жоробековдор кирип, алар машыктыруучу Фархад Ушуровдун карамагында болушат.

Эркин күрөш боюнча Азим Ивахов, Нурбек Жаркынбаев, Бекжан Мээрбеков, Баград Мусаевдер мелдешке катышып, аларды тренер Айбек Азырболов коштоп барат.

Андан тышкары, жаштар Азия чемпионатын Кыргызстандын Айбек Акматов жана Нуржан Сейитбеков деген калыстар тейлешет.

Чемпионат 13-16-июнга чейин Тайланддын Пхукет шаарында өтөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224371

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.