Ксения Палкина эл аралык турнирдин биринчи раундунда утулуп калды

  22.05.13   15:34
 310

Кыргызстандан теннисчи Ксения Палкина Италиянын Казерте шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирдин биринчи раундунда эле утулуп калды. Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, кыргызстандык теннисчи эки сет катары менен италиялык Анна Флориске 2:6, 1:6 эсеби менен уттурган. Натыйжасында старттык матчта жеңилген Палкина жалгыз разряд оюнунда матчтан чыкты.

Жуп разрядында Палкина даниялык Малу Эйдесгаард менен биргеликте италиялык дуэт Дебора Кручиани – Наташа Пилудуну жеңип чыгып, чейрек финалга жолдомо алышты.

Эми кыргызстан менен даниялык жуп жарым финалда аргентиналык Майлен Ауру – Каролина Зеболлос менен ойношот.

Турнир Эл аралык (ITF) федерациясынын карамагында өтүп, 26-майда болот. Мелдештин жалпы байге фонду - 25миң доллар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224373

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.