Банк жана микрокредиттик компаниялардын карызкорлору митинг өткөрүп жатышат

  22.05.13   15:58
 309

Бүгүн, 22-майда банктардын жана микрокредиттик компаниялардын жүзгө жакын насыя алган аялдар Бишкектеги "Ак үйдүн" алдына митингге чыгышты. Президент менен өкмөткө кайрылган митингчилердин негизги талаптары – бул коммерциялык карыздар үчүн насыя ченинин жылдык пайызын -14кө чейин түшүрүп, ипотекалык насыяны – 8%га түшүрүүнү доолап жатышат.

Каршылык акциясынын катышуучуларынын бири Айнура Жумабаеванын айтымында, митинг уюштургандарга бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыга элек. "Биз жүзгө жакын аялдар митингге Жалал-Абаддан бери келдик, бирок эч ким бизге көңүл буруп, биздин талаптарыбызга кулак төшөгөн жок, - деди ал. – Биз микрокредиттик компаниялар карыз алгандарга дагы кошумча убакты берүүсүн талап кылып жатабыз. Банк менен микрокредиттик компаниялар атайылап чоң өлчөмдөгү туумдарды эсептеп, биздин мүлкүбүздү ит бекер алгылары бар".

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224375

 Комментарийлер:
#1 пери
2013-05-22 20:32:27 Цитата / 0 / -

ошон учун акчаны туура колдонуш керек усту устуно ала бербей

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.