Жалал-Абад облусунун 3 тургунунун кутурма илдетине кабылгандыгы болжолдонууда

  22.05.13   16:12
 337

20-майда Базар-Коргон аймактык ооруканасына ит тиштеп алган Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылынын 3 тургуну жаткырылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда бейтаптардын абалы канааттандырарлык эмес. Алардын бардыгына тишелүү медициналык жардамдар берилип, кутурмага каршы дагы вакцина жасалууда.

Иликтөөнүн негизинде адистер жабырланган адамдарды Кара-Бурак участкасынын жайытынан ит тиштеп алгандыгы аныкташкан.

Учурда айылдын тругундары итти атып өлтүрүп, кутурма оорусунун бар же жок экендигин аныктоо үчүн ветеринария кызматына өткөрүп берди деп жазылат маалыматта.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224376

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.