Мародерчулукка айыпталган депутаттар кол тийбестиктен баш тартабыз дешүүдө

  22.05.13   16:16
 341

Мародерчулук боюнча кылмыш иши козголгон "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Туратбек Мадылбеков, Болот Шер жана Райкан Төлөгөновдор кол тийбестик иммунитетинен баш тартууга ниеттенип жатышат. Бул тууралуу бүгүн "ВБ" менен болгон маегинде Төлөгөнов маалымдады.

Анын пикиринде, мародерчулук боюнча Зарылбек Рысалиев жетектеген Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы иш алып барып жатканы мыйзамсыз. "Биз эркин адамдарбыз. Биз түрмөдө отурган жокпуз. Эмне үчүн бул ишти Рысалиевге беришти? Болот Шер башында турган кылмыштагы ууруну бошотуу боюнча депутаттык комиссия кылмыш ишин козгоону жана бир катар чиновниктерди, анын ичинде Рысалиевди жоопкерчиликке тартууну сунуштап жатса, ал эми мародерчулук боюнча ишти Рысалиевге беришеби?. Мыйзам боюнча анын аталган ишти кароого укугу жок",- дейт Төлөгөнов.

Ал келерки аптада палатанын жыйынында Батукаевдин иши боюнча депутаттык комиссиянын бүтүмү айтыла турганын белгиледи. "Бүгүн биз кеңешип бизге иликтөө жүргүзүүнү чечип жатышса, анда тергөө жүргүзүш үчүн кол тийбестиктен баш тартууну чечтик. Күнөөлүү же күнөөсүз экенибизди сот чечет",- деп түшүндүрдү Төлөгөнов.

Эскерте кетсек, бүгүн Шер Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Батукаевдин иши боюнча маселени иликтөөгө алгандыгы үчүн, ага жооп иретинде кылмыш ишин козгогондугун айтып нааразычылыгын билдирген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224377

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.