Кыргызстандын курама командасы Каспий Кубогунда Азербайжан менен беттешет

  22.05.13   16:18
 249

U-17 Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы "Каспий Кубогу" жылына бир жолу өтүүчү эл аралык турнирди Азербайжан менен ойноп старт алат. Кыргызстандын футбол федерациясынын билдиргенине караганда, кыргызстандыктар өзүнүн алгачкы матчын "Байыл Арена" стадионунда 29-майда өткөрүшөт.

Бул жылы "Каспий Кубогуна" Кыргызстан, АКШ, Азербайжан, Казакстан, Болгария, Грузия, Түркия, Иордания, Уругвай, Япония жана Тажикстандан болуп 12 команда катышат.

Командалар төрт группага бөлүнүп, ар биринде үчтөн курама команда бар. Өз группасында биринчиликти алган командалар кубок үчүн таймашын улантышат. Экинчи орунду алгандар 5-8- орунтар үчүн ат салышат. Группасында акыркы болгондор 9-12 орундарга ойношот.

Кыргызстан А группасында Азербайжан жана АКШ менен ойнойт. Кыргызстан АКШ менен 30-майда беттешет.

Турнир 28-майдан тартып 6-июнга чейин Бакунун стадиондорунда өткөрүлөт.

Эске салсак, былтыр бул турнирде Кыргызстан акыркы орунга гана татыктуу болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224378

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.