Мамдуманын депутаты: Кыргызстандын ББга киришине каршылаштар амалданып жатат

  22.05.13   16:38
 307

Кыргызстандын Бажы биримдигине (ББ) киришине каршы болгондор алдап жатышат жана республиканын өнүгүшүнө тоскоол болушууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Россиянын Мамлекеттик думасынын депутаты экономикалык саясат, инновациялык өнүгүү жана ишкердик боюнча төраганын биринчи орун басары Михаил Емельянов билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн ББга киришинин зарылдыгы деп эсептеген адамдар бар.

"Бул жаңылыш пикирлер. Интеграцияга тартылбаган өлкөлөр жашап кете албаганын көрсөткөн дүйнөлүк тенденциялар көп",- дейт Емельянов.

Ал интеграциялык процесстер бүткүл дүйнөдө жүрүп жатканын белгиледи.

"Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинен пайдасы көп. Өлкөнүн баардык ишкерлери дароо эле 250 миллиондук керектөө рыногуна түз кирүүгө мүмкүндүк алышат. Ал Кыргызстандагы электр энергиясынын баасы Россияга салыштырганда 7 эсе арзан жана жеңилдетилген салыктар менен айлык акынын аз болушу - бул ар бир ишкер көздөгөн нерселер",- дейт депутат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224379

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.