АКШда Кыргызстандын үч жараны кармалды

  23.05.13   07:40
 429

АКШнын Хаянисе шаарында (Массачусетс штаты) Кыргызстандын үч жараны кармалды. Бул тууралуу 22-майда, "ВБ"га "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматынан Эркин Урманбетов билдирди.

Анын айтымында, 16-майда, болжол менен 7.00дө миграциялык кызмат райондун шерифи менен бирге рейд жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында кыргызстандык 3 жаран кармалган.

"Маалыматка караганда, колго түшкөндөр студент болуп чыкты. Алар визасынын мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн кармалышкан. Азыркы тапта кыргыз диаспорасы алар үчүн жактоочу жалдашты. Аталган штаттын мыйзамы боюнча, студенттерди депортация кылуу жазасы күтүп турат. Бирок биз айып төлөө менен гана чектелет деген үмүттөбүз", - деди Урманбетов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224381

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.