Бишкекте теннис боюнча эл аралык өспүрүмдөр турнири өтөт

  23.05.13   07:50
 281

27-майдан 1-июнга чейин Бишкекте теннис боюнча эл аралык өспүрүмдөр турнири өтөт. Аталган иш-чара "Биздин балдар - планетанын келечеги!" аттуу ураандын алдында уюштурулууда. Бул тууралуу мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мелдеш эки жаш категориясында өтөт. Биринчи категорияга 2000-жылы туулган жана андан кичүү спортчулар, экинчисине 1996-1999-жылдар аралыгында туулган спортчулар кирет.

Жеңүүчүлөргө дене тарбия жана спорт агенттиги, ошондой эле БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан кубок, төш белгилер, дипломдор жана баалуу сыйлыктар берилмекчи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224384

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.