Кыргызстандык жана Омск облусунун ишкерлери бирдиктүү долбоорду талкуулашты

  23.05.13   07:53
 221

Соода- өнөр жай палатасында Орусиянын Омск облусунун жана Кыргызстандын ишкерлеринен турган эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу соода өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Омск облусунан келген делегациянын иш сапарынын максаты - кыргызстандык кесиптештери менен соода-экономикалык байланыштын чыңдалышына байланыштуу. Эске салсак, делегациянын курамында унаа куруу тармагындагы компаниялардын өкүлдөрү жана жетекчилери, ошондой эле айыл-чарба техникаларын өндүрүүчүлөр кирет.

Кыргызстан тараптан жолугушууга 15тен ашуун жергиликтүү компаниялардын өкүлдөрү келишкен.

"Кыргызстандык ишкерлердин Омск облусуна болгон акыркы иш сапары жемиштүү болгон. Анда жашылча жемиштерди, текстиль продукцияларын, дары чөптөрдү, эмерек жана фарфорду аталган регионго жеткирүү боюнча биргелешкен ишканаларды куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Омск облусунда "Кыргызстан" соода үйүн ачуу маселеси да көтөрүлгөн", - деди КР соода өнөр жай палатасынын биринчи вице-президенти Амангелди Давлеталиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224385

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.