Россиянын депутаты: 5 миллион жашоочу - инвесторлор үчүн рынок эмес

  23.05.13   08:17
 353

"Беш миллион суроо-талап кылуучу инвесторлор үчүн рынок эмес",-деп билдирди кечээ, 22-майда россиялык ишкерлердин Кыргызстанга активдүү кызыкчылыгынын жоктугуна комментарий берип жатып Россиянын Мамлекеттик думасынын депутаты, экономикалык саясат, инновациялык өнүгүү жана ишкердик боюнча төраганын биринчи орун басары Михаил Емельянов.

Анын айтымында, азыр кайсы гана инвесторду болбосун Кыргызстан анча кызыктырбайт, анткени бул жерде сатып өткөрүү үчүн рынок чакан.

"Бирок эгерде Кыргызстан Бажы биримдигине кире турган болсо, анда 250 миллион кишиси бар рынокко айланат. Бул өлкөнү көбүрөөк жагымдуу кылат",-дейт Емельянов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224391

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.