Атамбаев Азия өнүгүү банкынын вице-президенти менен жолугушту

  23.05.13   08:18
 226

Кечээ, 22-майда президент Алмазбек Атамбаев Азия өнүгүү банкынын (АӨБ) президенти Сяоюй Чжаону кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жолугушууга ошондой эле КРдеги АӨБдүн туруктуу өкүлү Рие Хираока дагы катышты.

Пикир алышуу маалында АӨБдүн Кыргызстандагы ири инфраструктуралык долбоорлор боюнча кызматташтыгы талкууга алынды.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү боюнча Улуттук кеңештин акыркы жыйынында 2017-жылга чейинки маанилүү долбоорлор менен инвестициялык долбоорлордун тизмеси каралган кезде өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген унаа жолун салуу долбоору да тизмеге киргизилгенин айтты.

Президент Кыргызстан АӨБдүн ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыгына кызыкдар экенин белгилеп өттү. Чжао Кыргызстан менен АӨБ ири долбоорлорду ишке ашырууга ийгиликтүү тажрыйбага ээ экенин жана бул багытта иштөөгө даяр экенин баса белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224392

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.