Депутаттар Бакыт Төрөбаевди кызматынан чакыртып алууну карабай турган болушту

  23.05.13   11:09
 239

Бүгүн, 23-майда болгон жыйында парламент депутаттары оппозициялык "Республика" партиясынын чыгып, "Өнүгүү" депутаттык тобун түзгөн үчүн вице-спикер Бакыт Төрөбаевдин кызматынан чакыртып алуу маселесин карабай турган болушту.

"Республика" фракциясынан депутат Курманбек Дыйканбаев Төрөбаевди төраганын орун басары кызматынан чакыртып алуу тууралуу маселени күн тартибине киргизүү керек экенин белгиледи.

Ал эми "Өнүгүү" депутаттык тобунун мүчөлөрүнүн бири Тынчтык Шайназаров бул маселе палатанын жыйынында каралбашы керектигин, анткени ал мыйзамга каршы келерин билдирди.

Төрага Асылбек Жээнбеков Төрөбаевди чакыртып алуу тууралуу маселени күн тартибине киргизүүнү добуш берүүгө койду. Натыйжада депутаттардын басымдуу бөлүгү сунушту колдогон жок.

Эскерте кетсек, буга чейин парламенттин регламент жана этика боюнча комитети 21-майда "Республика" фракциясынын вице-спикер Бакыт Төрөбаевди кызматынан чакыртып алуу жөнүндөгү кайрылуусун караган эмес. Бул тууралуу "ВБ"га комитеттин төрайымы, "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева профилдик комитет Бакыт Төрөбаев өз кызматында калат деген чечим чыгарганын маалымдаган.

Белгилей кетсек, "Республика" фракциясынын Бакыт Төрөбаевдин чыгарылганына жана ал "Өнүгүү" деген депутаттык топ түзгөнүнө байланыштуу республикачылар аны вице-спикер кызматына чакыртып алууну көздөшкөн. Анын ордуна Чолпон Султанбекованын талапкерлигин сунушташкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224394

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.