Өкмөттүн өкүлү тажик тарапты чегара үчүн күнөөлөдү

  23.05.13   08:20
 257

Баткен областында жыл сайын ондогон чегара чатактары болуп турат.Бул тууралуу кечээ, 22-майда болгон басма сөз жыйынында Баткен областындагы өкмөттүн атайын өкүлү Жеңиш Разаков билдирди.

Анын айтымында, негизинен чатактар жер талашуудан улам келип чыгат. "Айрыкча сугат суу керек болгон жазгы талаа жумуштарынын маалында, жайыт зарыл болгон учурларда жаңжал көбөйөт. Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен аймак миң чакырымдан ашык. Жыл сайын бизде онго жакын чатак болуп турат",-дейт Разаков. Анын айтымында, өзбектердин Сох анклавында 100 миңдей адам жашаса, тажиктердин Ворух анклавында 40 миңдей адам бар.

"Анкавдын калкы өсүп жатат. Жер ресурстарына талап абдан чоң. Ворух анкавында 5-6 соток жер участогунда 2-3төн үй-бүлө жашайт. Алар чындык менен да, калп менен да Кыргызстан менен баардык талаштуу аймактарды ээлеп алууга аракет кылып жатышат",-дейт атайын өкүл.

Мындан тышкары Разаков Ворухта дайыма чегараны делимитация жана демаркация иштерин үзгүлттүккө учуратуу иштери жүргүзүлөрун билдирди. "Тажик тарапка бул пайдалуу. Жыл сайын биз талаштуу аймакты мыйзамсыз ээлеп алган 25ке чейинки фактыны каттайбыз",-дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224395

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.