Жумгал районунда таксистке кол салган адамдар кармалды

  23.05.13   08:35
 292

Милиция кызматкерлери Жумгал районунан таксистке кол салган адамдарды колго түшүрүштү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-майда Жумгал районунун 54 жаштагы жүргүнчү ташып иштеген тургуну укук коргоо органдарына анын унаасына эки адам отуруп, айылдан алыстаган соң алардын бири автоунаа ээсинин мойнуна жип салып муунткандыгын, ал араң качып кутулгандыгын айтып арыз менен кайрылган.

Ыкчам иликтөө ишинин натыйжасында изин жашырып кетүүгө аракет жасаган, мурун соттолгон 1980-1986-жылдары туулган адамдар колго түшүрүлгөн.

Жумгал райондук ИИБсы бул факт боюнча кылмыш ишин козгогон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224399

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.