Өзгөндө 17 жаштагы жигит аялды 5 жашар небереси менен бирге өлтүрүп кеткен

  23.05.13   09:20
 305

Өзгөндө 17 жаштагы жигит аялды 5 жашар небереси менен бирге өлтүрүп кеткен. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 52 жаштагы аялдын эки күндөн бери эшикке чыкпай калганын байкаган кошуналары милиция чакырышкан. Өзгөн райондук ИИБнын ыкчам иликтөө тобу үйдүн ичинен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн 1961-жылы туулган аялдын жана анын 5 жашар небересинин жансыз денесин табышкан.

Бир нече күн өткөндөн кийин милиция кылмышка шектүү деп, мурун мал уурдоо фактсысы боюнча соттолгон 17 жашар Өзгөн раойнунун тунгунун колго түшүрүшкөн.

Кол салган адам түн ичинде аялдын үйүнө терезеден кирип келе жатканда, үй ээси ойгонуп кеткен. Ал эң алгач аялды чаап жиберип, андан соң муунтуп өлтүргөн. Үй ээсинин жанында жаткан кичинекей 5 жашар небересине дагы кол салып, алардын бир жарым миң сомун жана жеке буюмдарын алып качып кеткен.

Далил катары шектелип жаткан адамдын жанына аялдын уюлдук телефону табылган.

Учурда шектелген адам убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224401

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.