Майлуу-Суу архитектура башкармалыгынын чиновниктерине кылмыш иши козголду

  23.05.13   09:54
 305

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы Архитектура жана турак-жай курулуш башкармалыгынын чиновниктерине карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2007-жылдан 23-августтунда өкмөттүн токтомуна ылайык, Архитектура жана курулуш агенттигинин Жарандык турак-жай курулуш башкармалыгы селден жабыркаган Майлуу-Суу шаарынын тургунуна турак-жай салып алуу үчүн 20 жылдык мөөнөт менен 200 миң сом кайтарымсыз насыя бөлгөн. Жабырланган адам аталган каражаттын 150 миң. сомун алып, аны үй курууга эмес, мал сатып алууга жумшаган.

Архитектура жана турак-жай курулуш башкармалыгынын жетекчиси кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, берилген суммага үй куруу иштери жүргүзүлгөндүгү тууралуу жазалма акт түзгөн.

Ал эми насыя, каржатты үй курууга эмес, мал алуу үчүн жумшаган башка адамдын колуна тийген. Сары-Бээ айыл өкмөт башчысы дагы турак жайдын курулгандыгы тууралуу акт жалган түзгөн.

Учурда бул факт боюнча кылмыш жана жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кызмат будамайы" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224402

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.